4-ДЕКАБРЬ− «МАНАС» ЭПОСУНУН КҮНҮ
4-ДЕКАБРЬ− «МАНАС» ЭПОСУНУН КҮНҮ
5 –декабрь куну Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында “Манас- Кыргыз элинин туу чокусу” аттуу иш-чара болуп өттү. Болуп өткөн иш-чараны өткөрүүгө мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынан сабак берген мугалимдери жана ар тараптан таланттуу, жөндөмдүү окуучулары катышышты. Бул иш-чарага Биринчи май билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Перизат Дүйшөнбаевна, ушул эле райондун мектептеринин мамлекеттик тил боюнча орун басарлары конок болуп келишти.
Иш-чараны баштан аяк 11-класстын окуучусу Шамильбек кызы Элеонора жана 7-Г3 классынын окуучусу Султанбеков Нурбол алып барышты. “Манас” хорду мыкты деңгээлде 8е1 класстын солисттери Косаков Андрей, Чайченко Милана, Истанбаева Салтанат, Турсунбекова Аэлита ошондой эле 8е6, 8г3, 8г4, 8г2, 8г1, 4-Д, 4-Г, 4-Е классынын окуучулары аткарышты.
№24 мектеп-гимназиясынын Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Купавцева Лариса Николаевна жана Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Балабасова Асыл Алмазбековнага куттуктоо сөзү берилди.
Бирок да өнөрү бар айтып болгус – дегендей мектептин комузчулар тобу дагы көпчүлүктү суктандырбай койгон жок. Жетектеген мугалими “Маданияттын мыкты кызматкер төш белгисинин ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ардактуу мугалимдери Шерик Эсенкулович жана Бурулсун Асековна” болду. “Манастын төрөлүшү” сценканы 10-Д, 9-Еклассынын окуучулары мыкты деңгээлде аткара алышты. Келген коноктор; “Орус тилдүү мектептерде дагы кыргыз тилинде мыкты сүйлөп, ролдорду аткарыша алышабы”-деп таң калышты. Жакыптын ролунда 9-Е класстын окуучусу Кармышалиев Аскар, байбичеси Чыйырдыныкын Санжарбек кызы Айдана ошондой эле мыкты деңгээлде аткарган окуучулар: Самаркулов Данияр, Сейитбекова Айпери, Осмонова Айша, Торокульева Назерке, Рахманкулва Акылай, Эргешова Рамиля, Орозбаев Нурбол, Таалайбекова Назик, Шайлообеков Алихан, Садырбеков Байгазы, Замирбеков Исках, Кан Константин.
“Башканы коюп Манасты” айт -дегендей мектепте “Манасты” укмуш, жогорку деңгээлде айткан окуучулар да жок эмес. 6е1 окуучулары ошондой эле 4-В классынын окуучусу Нарынбекова Амина, 7е6 окуучусу Тынчылыкова Ажара, 11-Е классынын бүтүрүүчүсү Шамильбек кызы Элеонора Манастан үзүндү айтышты.
Башталгыч класстын окуучулары “Жалын бий” бийин бийлеп көпчүлүктү суктандырды. Ал эми көпчүлүктүн көңүлүн бурган “Манас бийи” болду. Жетектеп алып барган гимназиянын сүймөнчүлүгүнө айланган, мыкты хореограф мугалими Нурила Калысовна. Катышкан окуучулар: 10-Е классынын окуучулары Музамамбетов Эрбол, Асисултанов Билим, Женишов Амаль, Жеңишбеков Арсен, Калыбеков Адис, Касымов Санжар, Дмитреев Кирилл, Курманбек уулу Манас, Медетбеков Исках, Шарипов Айдар, Эсенбеков Марсель, Хаитов Азамат, Омурканов Эмир. “Кыргызстаным” ырын Косеков Андрей, Чайченко Милана, Истамбаева Салтанат жогорку деңгээлде ырдап жыйынтыкташты.
Ал эми бул иш-чараны Биринчи май билим берүү борборунун Мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Перизат Дүйшөбаевнага жыйынтыктоо сөзү берилди. “Окуучулар ушундай кыргыз тилинде сүйлөп, Манас деп турганда биздин тил, Манас эпосу эч качан өчпөйт” –деген сөз менен куттуктап өттү. Ошондой эле №24 мектеп-гимназиясынын жамаатына ыраазычылык сөзүн билдирди.
Ооба, чындыгында жаштар Манас деп турганда, кыргыз тили деп тураганда “Манас эпосу” дагы да өсөт, өнөт деп ишенебиз!
Ошондой эле кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын окуп үйрөнүү, окуучунун билгичтигин жогорулатууга, улуттук салт-санааларды, үрп-адатын, элдик маданиятты, эл тарыхын, этникалык өзгөчөлүктөрдү таануу, колдонуу аркылуу сценканы аткарышты.
Кылымдар бою кыргыздардын уюткусу ыдырабай, биримдигин жоготпоо үчүн жүргүзүп келген тынымсыз кармаштарын –туруктуулук, көктүк менен жүргүзгөн күрөшүн баяндоо, көз карандысыздыгы үчүн күрөш, сырттан басып келген душмандарга каршы салгылаштарда көрсөтүлгөн эрдиктерди даңазалоо, калктын уюткусун түзгөн, ата уулдар өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке, чакыруу. Ошону менен бирге үлгүлүү жүрүш-туруш, мыкты сапаттардын элестүү мисалдарына таянуу менен калктын бардык муундарына, бөтөнчө өсүп келе жаткан жаш муундарга таалим-тарбия берүү берүү “Манас” эсосунда бар. Дал ушул көрүнүштөрдү биздин окуучулар өздөрүнүн таланттары менен көрсөтө алышты.
Комментарии